Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Алматыдагы мигранттар президентке кайрылышты


Кыргыз мигранттары.
Кыргыз мигранттары.

Кыргызстандык мигранттар Алматы шаарындагы мурдагы консул Гүлнур Нарматованын кызматтан чакыртып алынуусуна нааразылыгын билдирип, аны кайра кызматына коюп берүүнү өтүнүшкөн. Алардын бири, Алматыда жашап иштеген Алтынбек Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 50 миңден ашуун кыргызстандык мигранттар жашап-иштеген Алматыда Нарматова сыяктуу мекендештердин кызыкчылыгын коргогон консулдар керек:

-Мурда деле консулдар иштеген. Бирок Нарматова консул болуп иштеген кезде биздин беш жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелер чечилип, мигранттарга бир топ жардамы тийген. Мамлекеттин колдоосун сезе баштадык эле. Бирок, аны беш айга жеткирбей эле кайра чакыртып алышты. Биз ушуга нааразыбыз, кайра ордуна коюп бериңиз деп кайрылдык.

Ушундай эле кайрылуу өкмөт башчыга, Тышкы иштер министрлигине да жолдонду. Тышкы иштер министрлиги азырынча бул тууралуу эч кандай жооп бере элек.

Гүлнур Нарматова Алматы шаарындагы консулдук кызматка февраль айында дайындалган. Жакында Алматы шаарына Башкы консулдукка мурдагы министр Алиясбек Алымкулов дайындалган.

Алматы шаарында 50 миң чамалуу кыргызстандыктар жашап иштешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG