Ош шаарына жакын Төлөйкөн айылындагы “Жеткинчек” балдар лагеринин жанынан Ак-Буура дарыясына эки аял сууга агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, куткаруучулар сууга агып кеткен адамдардын сөөгүн таап, милицияга өткөрүп берди.
Ошол эле учурда Ала-Арча капчыгайында сууга агып кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. 35 жаштагы жана 40 жаштагы эки жаран 18-июлда сууга агып кеткен.(BkA)