Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Керри жана Лавров Сирия боюнча кызматташууну сүйлөштү


Керри менен Лавровдун Лаостогу жолугушуусу.
Керри менен Лавровдун Лаостогу жолугушуусу.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри август айынын башына карай Сирия боюнча Орусия менен тыгызыраак аскердик кызматташуу жана чалгын маалыматын алмашуу планы жарыяланарына үмүт артарын айтты. Мындай билдирүүнү ал 26-июлда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Лаостогу жыйынында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуудан кийин жасады.

Жаңы планда "Аль-Каида" менен байланышы бар "Жебхат ан-Нусра" тобуна каршы абадан сокку урууну координациялоо үчүн маалымат алмашуу жана куралдуу оппозицияга Сириянын аба күчтөрүнүн сокку уруусуна тыюу салуу каралган. Керринин айтымында, бул планды алдыга жылдырууда ийгиликтер бар.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жон Керри менен сүйлөшүүдө Сирияда оппозициялык топтор менен террорчуларды айырмалоо талкууланганын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG