Бириккен Улуттар Уюмунун Кабулдагы миссиясынын маалыматы боюнча, 2016-жылдын биринчи жарымында ооган чатагында өлүмгө учураган тынч жарандардын саны рекорддук деңгээлге жетти. Жоочулардын активдешүүсүнүн азабын балдар да тартууда. БУУ январь айынан июнь айына чейин 1601 киши өлгөнүн, 3565 адам жаракат алганын документалдык негизде тактаган. 25-июлда жарыяланган бул маалыматтар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жабырлангандар саны 4% өскөнүн көрсөтөт. Өлгөндөр ичинен 388и, жарадар болгондор арасынан 1121и балдар. Бул 2015-жылдын алты айына салыштырмалуу 18% көп. Бул маалымат жарыялангандан эки күн мурун Кабулда теракттан 80дей киши өлүп, 230дан көбү жарадар болгон эле. (AiT)