Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:27

Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу 9-августта болот


Эрдоган менен Путиндин Анталиядагы жолугушуусу, 15-ноябрь, 2015-жыл.
Эрдоган менен Путиндин Анталиядагы жолугушуусу, 15-ноябрь, 2015-жыл.

Түркиянын вице-премьер министри Мехмет Шимшектин 26-июлдагы кабарлоосуна караганда, эки президент 9-августта Санкт-Петербург шаарында жолугушат. Бул алардын өткөн жылы орус учагынын Түркия учагы атып түшүргөндөн кийинки биринчи жолугуусу болуп калмакчы.

Учактын атып түшүрүлүшү үчүн Анкара кечирим сурагандан кийин эки тарап мамилесин нормалдаштыра баштады. 15-июлда Түркияда аскерий төңкөрүш аракетинде орус президенти Владимир Путин президент Режеп Тайип Эрдоганга телефон чалып, колдоосун билдирген. Кремлдин маалымат кызматы да эки өлкө президенттери жакын арада жолугушарын кабарлаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG