Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Митингде кармалгандар Биринчи Май сотуна алып келинди


Бишкектин Биринчи Май райондук соту.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту.

Бишкектин Максим Горький аянтындагы митингде кармалган 35 адам Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалгандарга коомдук тартипти бузду деген айып тагылууда. Сот алардын административдик мыйзам бузганы боюнча чечим кабыл алышы керек.

Учурда сот имаратынын алдында кармалгандар менен биргеликте митингге чыккан айрым адамдар турушат.

Бүгүн Бишкектеги Максим Горький аянтында турак-жайга муктаж адамдар митингге чыгышкан. Акцияга катышкандар жеткиликтүү жай менен камсыз кылуу талабын коюуда. Акцияга чыккандардын саны 500гө жакын деп маалымдалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG