Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Кытай көчмөндөр оюнуна катышат


Көчмөндөр оюндары.
Көчмөндөр оюндары.

Кытай Көчмөндөр дүйнөлүк оюндарына катышат. Бул тууралуу аталган оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алар этникалык спорттун эки түрү: кытай жана монгол күрөштөрү боюнча катышат.

Делегацияны жетектеп Ички Монголиянын Спорт боюнча башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Ши Лиминг келет.

Быйылкы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюнуна 19 өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG