Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Дайыр Орунбековго Бишкектен чыгууга тыюу салынды


Дайыр Орунбеков.
Дайыр Орунбеков.

Бул тууралуу журналист Дайыр Орунбеков өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзү боюнча, журналистти бүгүн Октябрь райондук ички иштер болүмүнө чакырышкан:

- Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырып, аларга Аламүдүн райондук сотунун чечимин аткарбай жатат деген арыз түшкөнүн айтышты. Анан Бишкек шаарынан чыкпасын деген токтом менен тааныштырып, менден тилкат алышты. Ошондой эле кылмыш иши козголобу же жокпу, бул тууралуу жакынкы күндөрү кабарлайбыз дешти.

Эки жума мурда Аламүдүн райондук соту тарабынан Дайыр Орунбековго тиешелүү “Маалымат.кж” сайты жабылган. Орунбековду Башкы прокуратура аталган сайтка жазган макаласы үчүн сотко берген болчу. Анда 2010-жылдагы июнь коогасы, ага азыркы бийликтин тиешеси бардыгы тууралуу жазылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG