Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:48

Турак-жайга муктаждар митингин уюштуруучулар төрт күнгө камалды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

26-июлда Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтка митингдин уюштуруучусу болгон төрт адам төрт күнгө камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Маалыматка ылайык, акция учурунда коомдук тартипти бузду делген 30 адамга сот 500 сомдон айыппул чектеди.

Кечээ Максим Горький аянтында турак-жайга муктаж адамдар митингге чыгышкан. Акцияга катышкандар жеткиликтүү жай менен камсыз кылуу талабын айтышты. Акцияга чыккандардын саны 500гө жакын деп маалымдалган.

Алар өкмөт имаратын көздөй жөө жүрүш кылууну максат кылышкан. Бирок милиция кызматкерлери негизсиз түрдө күч колдонуп кармап кетишкенин акциянын катышуучулары айтып чыгышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG