Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Батукаевге чечим чыгарган судья башка кызматка которулду


Кримтөбөл Батукаев Нарын түрмөсүндө.
Кримтөбөл Батукаев Нарын түрмөсүндө.

“Кылмыш дүйнөсүнүн ана башы” делген Азиз Батукаевди ден соолугуна байланыштуу абактан чыгаруу боюнча чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жапаров Нарын район аралык сотунун судьялыгына дайындалды.

Буга чейин Азиз Батукаевди бошотууга чечим чыгарганы үчүн Жапар Эрматовду кызматтан алуу талабы айтылып келген.

Ошондой эле президенттин жарлыгынын негизинде аймактык соттордун 10 судьясы дайындалды.(BkA)

XS
SM
MD
LG