Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Дин комиссиясы медреселерди каттоодон өткөрүүнү сунуштоодо


Бишкектеги мечит.
Бишкектеги мечит.

Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча комиссиясы өлкөдөгү медреселерди каттоодон өткөрүүнү сунуштап чыкты. Аталган комиссиянын маалыматына ылайык, өлкөдө 72 медресе иш алпарат. Бирок алардын бири да расмий каттоодон өтүп, тиешелүү сертификат алган эмес.

Ошондуктан, комиссия диний билим берүү жаатында стандарттарды иштеп чыгып, аларды каттоодон өткөрүүнү сунуштоодо. Бул үчүн Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университет менен биргеликте стандарттарды иштеп чыгуу жана сертификациялоонун жол-жобосун даярдоо жаатында долбоор ишке ашырылып жатат. Аталган долбоордун алкагында өлкөдөгү диний билим берүүчү мекемелерди ыраатка салуу пландалууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG