Буга АКШ долларынын январь айынан июль айына чейин 11% арзандоосу себеп болду деп билдирет Улуттук банктын басма сөз кызматы. Бул аралыкта Улуттук банк сомду улам интервенция кылуу менен 47,7 млн доллар сатып алды. Сомдун долларга карата куну бекемделе баштаган февраль айынан бери Улуттук банк 17 жолу улуттук валютаны интервенциялаган. Акыркы жолу 19-июлда 3 млн 200 миң доллар сатып алган.
Үстүбүздөгү жылы январда 1 доллар 75,89 сом болсо, азыр 67,48 сом деп турат. (ZKo)