Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Сирияга адамдарды жөнөткөн жаран тогуз жылга кесилди


Сирия.
Сирия.

Сириядагы согуштук аракеттерге Кыргызстандан адамдарды алдап жөнөтүп турган жаран тогуз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20 жаштагы жарандын ишин буга чейин Ош шаардык соту карап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Берилген доо арыздын негизинде 21-июлда ишти Ош облустук соту кайрадан карап, соттолуучунун жаш курагын эске алуу менен тогуз жылга эркинен ажыратты.

Соттун маалыматтарына караганда, аталган жаран Сириядагы террорчул уюмдар менен байланышып, социалдык тармактар аркылуу адамдарды Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн. Акыркы ирет өзү макул кылган адамды Ош аэропортунан жөнөтүп жаткан учурда кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда жардыруучу заттар табылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG