Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Текебаев: “Ата Мекен” Баш мыйзамды өзгөртүү долбоору менен тааныша элек


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” фракциясы Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлору менен тааныша элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, төрт фракция демилгелеген Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлору бир ай коомдук талкуудан өтүшү керек. Андан соң Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.

- Мыйзам долбоорлор коомдук талкуудан өтүп, акыркы варианты парламентке киргизилет. Биз ошондо таанышып, “Ата Мекен” фракциясы бул маселе боюнча өз чечимин билдирет, - деди Текебаев.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаганы белгилүү болгон. Ага ылайык, референдум быйыл күз айларына белгиленген.(BkA)

XS
SM
MD
LG