Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Бишкекте талаштуу баннерге каршы жарнак илинди


Бишкектеги баннерлер.
Бишкектеги баннерлер.

Бишкектин борбордук көчөлөрдүн биринде “Кайран элим, кайда баратабыз?» жазуу менен башкача сүрөттөгү баннер илинди. Анда кыргыздын улуттук кийимин кийген жана европалык стилде кийинген кыздардын сүрөтү илинип, “Кайран элим, кайда баратабыз?» деген жазуу жазылган.

Буга чейин коомдо кызуу талаш жараткан баннерлер алгач Бишкек шаарында илинген.

Анда улуттук кийимдеги аялдардын, бети-башын жоолук менен жаап, көзүн гана ачык калтырган кыз-келиндердин, ошондой эле чүмкөнгөн зайыптардын сүрөтү жайгаштырылган. Буга айрым адамдар каршы чыгып, мусулмандардын ишенимине шек келтирүү катары баалашкан.

Ошол эле маалда коомду диний радикалдашууга жеткирбөө үчүн мындай чакырыктар зарыл деген пикирлер да айтылган. Президент Алмазбек Атамбаев бул демилгени колдоп, андай баннерлерди бүт Кыргызстанга илүүнү тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG