Баткен облусунда иштеген жаш дарыгерлерге мыйзамда көрсөтүлгөн кошумча акы төлөнбөй жатат. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчынын атына Баткен облусунун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кеиптик кошуунунан арыз келип түшкөн. Анда облус аймагында иштеп жаткан адистерге мыйзамдын негизинде алыскы жана бийик тоолуу аймактардагы адистер үчүн каралган кошумча каражат төлөнбөй жатканы жазылган. Буга байланыштуу акыйкатчы Саламаттыкты сактоо министрлигине кат менен кайрылып, терс жооп алган.
Акыйкатчы абалды иликтеп, өлкөнүн алыскы аймагындагы жаш адистердин укугу бузулуп жатканын билдирип, бул маселеге көңүл буруу өтүнүчү менен өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылганын билдирүүдө.(BkA)