Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

“Мегаком” кайрадан сатыкка чыгарылат


“Мегаком” деген аталыш менен таанылган “Альфа Телеком” уюлдук байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясы кайрадан сатыкка чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бөлүм башчысы Бакытбек Мураталиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, "Мегакомдун" баштапкы баасы мурдагыдай эле 19 млрд 7 млн сом бойдон калууда.

Кызыккан тараптар алгач жалпы баанын он пайызын атайын эсепке которуусу зарыл.

“Мегаком” компаниясы 2010-жылы улутташтырылган. Буга чейин ишкананы сатып алууну каалоочулар чыкпай койгондуктан аукцион артка жылдырылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG