Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Швейцария айыл бейтапканаларын жаңылоого жардам берди


Швейцария өкмөтүнүн жардамы менен Кыргызстандын айыл тургундарынын саламаттыгын сактоо долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталууда. Бүгүн аталган өлкөнүн элчилигинен кабарлашкандай, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 60ка жакын айылында жергиликтүү бийлик медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырды.

Бир жыл аралыгында 60 миңдей тургун таза суу менен камсыз болуп, он айылдын бейтапканасы ремонттон өттү.

Төрт айылда орто мектептер оңдолуп, үч айылдын миңге чукул майып тургуну үчүн реабилитациялык долбоорлор иштей баштады.

Бул долбоорлорду ишке ашырууга жалпысынан 51 миллион сом жумшалды. Анын 40 миллионун Швейцария бөлүп берсе калганын жергиликтүү бюджет каржылады.

Оңдолуп, жаңы курулган объектилердин ачылышы август айында өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG