29-июлда башталып жаткан фестивал 7-августка чейин уланат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Борбор Азиядагы уз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген “Оймо” эл аралык фестивалынын алгачкы бөлүгү 31-июлда Бишкекте ачылып, 1-августтан баштап Чолпон-Ата шаарында уланат.
Уюштуруучулардын айтымында, фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн 150дөй уз-чеберлер катышмакчы. Уз-чеберлер өздөрүнүн буюм-тайымдарын көргөзмөгө алып чыгат. Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөр тиккен буюмдардын жармаңкеси жана каалоочулар үчүн атайын сабактар уюштурулган.
Оймо" фестивалы биринчи жолу Кыргызстанда 2006-жылы уюштурулган жана ошондон бери жыл сайын өткөрүлүп келет. (BkA)