Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Аба ырайы: чукул билдирүү


28-31-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2016-жылдын 28-31-июлунда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

29-июлда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28,

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27 жылуу болот,

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 27…32 ысыйт,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 жылуу болот.

29-июлда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 20…22°, күндүз 27…29° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG