Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Сузак: жалгыз бой жашаган аялдарды тоноого шектүү адам кармалды


Сузак райондук ички иштер бөлүмү бир канча жолу карактоого барган деген шек менен 26-июлда аталган райондун 19 жаштагы тургунун кармады.

Облустук милициядан кабарлашкандай, ушул айдын башынан бери райондо жалаң жалгыз бой жашаган аялдардын үйлөрүнө түнкүсүн бастырып кирип, бычак, кайчы, бурама бурагыч өңдүү буюмдарды алардын мойнуна такап коркутуп, акча-тыйынын, алтын-күмүш өңдүү баалуу буюмдарын тоноп жүргөн. Мындан улам айыл арасында “маньяк пайда болуптур” деген сөздөр да чыккан жана жалпысынан мындай беш факт катталган.

Райондук милиция жабырлануучулардын арызынын негизинде кылмыш иш козгогон. Азыр кармалган адамдын дагы башка кылмыш иштерге тиешеси бар-жогу аныкталып жатат жана тергөө уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG