Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Өзбекстан өз жарандарын Түркияга барбай турууга чакырууда


Улуттук “Өзбектуризм” компаниясы жарандарына коопсуздукка байланыштуу Түркияга барбай турууга кеңеш берүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматына таянып “Интерфакс” кабарлоодо.

“Түркияга жөнөмөкчү болгон өзбек жарандарынан жана бул багытта иштеген туроператорлордон аймактагы коомдук-саясий кырдаалды эске алууну өтүнөбүз” деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары “Өзбектуризм” Түркияда жүргөн өзбекстандыктарды да тийиштүү коопсуздук чараларын көрүүгө чакырат. Буга карабастан Ташкенттин көчөлөрүндө эмгек өргүүнү Түркияда өткөрүүгө чакырган баннерлер көп.

Түркияда 16-июлга оогон түнү төңкөрүш жасоо аракети болуп, ал таңга жуук басылган. Ошондон кийин өлкөдө камоолор жана кызматтан алуулар күчөдү.

XS
SM
MD
LG