Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында бүгүн эртең менен автоунаа жарылып, бир адам жабыркады. Бул Чүй облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, автоунаанын жарылуусунан кожоюну жабыркап, ооруканага жаткырылды. Окуя болгон жерде милициянын ыкчам тобу иштеп жатат.
Ал эми жабыркаган адам Эркин Курманалиев аттуу Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн ага прокурору экенин аталган органдан тастыкташты.
Учурда жарылуунун себептерижана прокурордун кесиптик ишмердигине катышы бар-жоктугу учурда такталып жатканын милициядан кабарлашты.(BkA)