Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:03

Орто-Сайда жарылуу болгон жерде саперлер иштеп жатат


Бишкекке жакын Орто-Сай айылында бүгүн эртең менен жарылуу орун алган үйдө УКМКнын саперлеру жана милициянын ыкчам бөлүгүнүн кызматкерлери иштеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Алдын-ала маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевге таандык унаанын жанындагы куту жарылган. Жардыруудан жарат алган Курманалиев учурда Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилди. Ал колунан катуу жарат алып, дарыгерлер анын абалын оор деп мүнөздөшүүдө.

Эркин Курманалиев Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн ага прокурору экенин аталган органдан тастыкташты.

Учурда жарылуунун себептери жана прокурордун кесиптик ишмердигине катышы бар-жогу такталууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG