Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Диний кастыкты козутуу боюнча шектелип эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды


Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү менен шаардык прокуратуранын биргелешкен ыкчам иш-аракеттеринин негизинде "диний кастыкты козуткан" деген шек менен эл аралык издөөдө жүргөн жаран бүгүн таңкы саат төрттөр чамасында Орусиядан учуп келгенде Бишкектеги "Манас" аба майданынан кармалды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Жалал-Абад шаарынын 43 жаштагы тургуну Махамматжан Мулабаевге 2003-жылы диний кастыктык козутуу беренеси боюнча айып тагылган. Анда Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү экени жана тынбай экстремисттик идеяларды жайып жүргөнү аныкталган. Бул кылмыш иши боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган.

2011-жылы ушундай эле берене менен Мулабаевге экинчи жолу кылмыш иши козголгон, бирок сот отурумга келбей качып кеткен. Ага 2012-жылы эл аралык издөө жарыяланган жана Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында из жашырып жүргөнү аныкталган.

Азыр Мулабаевдин дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG