Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Тажик жаранын өлтүргөн орус аскери 12 жылга кесилди


201-базанын аскерий техникасы
201-базанын аскерий техникасы

Тажикстандагы орусиялык аскер жергиликтүү тургунду өлтүргөн деген айып менен 12 жылга кесилди. 27 жаштагы Иван Щербаковдун адвокаты жана жакындарынын айтуусунда, ал жабыркаган тарапка компенсация иретинде 22 миң доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди.

22 жаштагы Шоира Жабборованын киши колдуу болгон сөөгү 2015-жылдын күзүндө Щербаков кызмат өтөгөн аскердик бөлүктөгү казармадан табылган. Тергөө маалында орусиялык жаран күнөөнү толугу бойдон моюнуна алганы кабарланган. Ал жазасын Орусиянын түрмөсүндө өтөйт.

Орусиянын Тажикстандын аймагында жайгашкан 201-базасы өлкө сыртындагы эң ири аскердик объект болуп эсептелет. Анда 6 миңдей аскер кызмат өтөйт.

2015-жылдын август айында ушул эле базанын эки кызматкери Душанбе шаарында таксистти өлтүргөнү үчүн 17 жана 13 жылга эркинен ажаратылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG