Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Ооганстанда ИМге каршы күрөштө беш америкалык аскер жараат алды


АКШ армиясынын беш аскери Ооганстандын чыгышында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы күрөштө жараат алды. Генерал Жон Николсондун айтуусунда, алар Нангархар провинциясында жүргүзүлгөн атайын операция маалында жабыркады. Экөөнүн жарааты жеңил болгондуктан ооруканадан чыгарылды, калган үчөө дарылануусун улантууда.

Өткөн айда АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлердин Ооганстандагы согушкерлерге каршы операцияларга катышуусуна тыюу салган эрежени жойгон. Ошондон тартып аскерлер ооган күч түзүмдөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн талибдерге жана башка согушкерлерге каршы абадан чабуул коюу жана башка операцияларга катышуу укугун алган.

"Ислам мамлекети" согушкер тобунун мүчөлөрү "Талибандын" ички бөлүнүүсүнөн кийин Нангархар провинциясынын айрым жерлерин ээлеп алган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG