Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Google Maps Крымдын шаарларына мурдагы аталышын кайтарды


Google maps Яны Капуну кайра Красноперекопск деп жазды
Google maps Яны Капуну кайра Красноперекопск деп жазды

Интернеттеги Google Maps кызматы Орусия аннексиялап алган Крымдын калктуу аймактарын мурдагыдай атоону чечти. Алардын аталышы украин парламентинин декоммунизация тууралуу мыйзамынын негизинде өзгөртүлгөн болчу. Эскиче аталыштар эми орус жана украин тилдеринде көрсөтүлүүдө.

5-майда Украина президенти Петро Порошенко "Коммунисттик жана нацисттик тоталитардык режимдерди айыптоо жана алардын символикасын жайылтууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Анда советтик партиялык жетекчилик менен байланышкан географиялык аталыштардын баарын өзгөртүү талабы коюлган.

Ошондон кийин Google кызматы Красноперекопск шаарын Яны Капу, Красногвардейскти Курман деп, Кировскоени Ислям-Терек деп жазып чыккан. Жалпысынан 70тей шаар, райондук борбор, айылдын аталышы крым-татарлыкка өзгөртүлгөн. Муну Крымдын Орусия өкмөтү дайындаган башчысы Сергей Аксенов "расмий Киевдин русофобиялык маанайына шыкак берчү кадам" деп атаган.

Эми жогорудагы аталыштардын баары кайра мурдагыдай жазылып турат.

2014-жылдын 16-мартында Крымда орус бийлиги уюштурган референдум өтүп, жыйынтыгында Орусияга өтүү чечими кабыл алынган. Бирок Украина жана дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсү бул референдумду мыйзамсыз деп тааныган. (RK)

XS
SM
MD
LG