Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Прокурордун автоунаасынын жарылышы боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевдин автоунаасынын жарылышы боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кылмыш кодексинин “укук коргоо кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча иш козголду.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов учурда ыкчам топ жеринде иштеп жатканын, тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин окуя тууралуу кеңири маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Курманалиевдин автоунаасына белгисиз адамдар жарылуучу зат таштап кеткенин жазышкан эле.

Милиция окуянын атайлап жардыруу катары баалоо эрте экенин жана бир нече версия каралып жатканын маалымдоодо.

Бүгүн эртең менен Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылында Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевге таандык унаада белгисиз куту жарылып, прокурор катуу жаракат алган. Ал учурда оор абалда ооруканада жатат. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG