Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Атамбаев прокурорго кол салууну тыкыр текшерүүнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиевге кол салууну тыкыр текшерип, кылмышкерлерди табууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тиешелүү чара көрүүнү тапшырган. Ал эми башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго бул ишти жеке көзөмөлгө алуу, ошондой эле Эркин Курманалиевдин дарылануусу үчүн материалдык жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Бүгүн эртең менен Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылында Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевге таандык автоунаада белгисиз куту жарылып, прокурор катуу жаракат алган. Ал учурда оор абалда ооруканада жатат. Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин “укук коргоо кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча иш козголду.(BkA)

XS
SM
MD
LG