Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Жогорку Сот: Бакиевдин жазасы жаш курагына ылайык өзгөртүлдү


Жогорку Сот мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата сот өкүмүнүн өзгөрүшү боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, Кылмыш кодексинин 50-беренесине ылайык, Бакиевге карата өмүр бою эркинен ажыратуу 30 жылга соттоого алмаштырылган. Жогорку Сот аталган беренеде жашы 60тан өткөн жарандарга өмүр бою эркинен ажыратуу каралбаганын жана Бакиев кылмыш кылган учурда 60 жаштан өткөнүн билдирүүдө.

Ошондой эле Жогорку Соттун өкүмүнө ылайык, Адам укуктары боюнча декларациясынын кабыл алынганына карата мурда жарыяланган мунапыс экс-мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункуловго, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрага орун басарлары Нурлан Темирбаевге, Данияр Дунгановго, “Альфа” атайынын бөлүгүнүн мурдагы командири Алмаз Жолдошалиевге жана УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго карата күчүн жоготту.(BkA)

XS
SM
MD
LG