Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

Түркия Гүлендин мектептери боюнча Казакстанга да эскертүү берди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Түркиянын Казакстандагы элчиси Борбор Азия өлкөлөрүндө иштеп жаткан Фетхуллах Гүленди жактоочулардын мектептерине байланыштуу эскертүү жасады. Элчи Невзат Уянык “казак-түрк мектептери” деген ат менен иштеп жаткан окуу жайларга расмий Анкара эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн белгиледи.

“Кандай болгон күндө да бул мектептердин расмий түрк бийлиги менен байланышы таптакыр жок”, - деди элчи 29-июлда Астанада болгон басма сөз жыйынында.

Мындан мурда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстандагы Гүлен мектептерин жабуу керектигин бир нече ирет эскерткен эле.

15-июлда Түркияда болгон аскерий козголоңго бийлик АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG