Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Түркияда бир аптада элүүдөн ашуун журналист камалды


Журналисттердин айрымдары террорчулукка айыпталууда. Ошондой эле үч жүздөн ашуун кабарчылар журналисттик күбөлүктөрүнөн айрылышты. Журналисттерди коргоо комитетинин маалымдашкандай, түрк бийлиги жалпысынан сексен журналистти камоого уруксат берген.

Түрк полициясы кармалган кабарчылар Гүлендин кыймылы менен байланышта болгон деп бекемдөөдө.

29-июлда Стамбул соту 17 журналистти террорчулукка айыптаганы белгилүү болду.

Түркияда чукул кырдаал киргизилгенден кийин жүздөн ашуун улуттук басылмалар жабылган. 15-июлдагы бийликти басып алуу аракетине шектелип, 18 миң киши кармалган, алардын ичинен дээрлик 10 миңи камакка алынды. Оң миңдеген мамлекеттик кызматкерлер ишинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG