Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Лейлекте үйлөрдү сел каптап, Таласта эгинди мөндүр уруп кетти


Быйыл жаанчыл болгондуктан Кыргызстанда сел каптоо сыяктуу табигат кырсыктары көп катталууда.
Быйыл жаанчыл болгондуктан Кыргызстанда сел каптоо сыяктуу табигат кырсыктары көп катталууда.

30-июлдагы катуу жааган жаандан пайда болгон сел Лейлек районунун Бешкент айылындагы төрт үйдү каптады. Дагы ондогон үйлөрдүн короо-жайларына суу кирген. Андан тышкары жолдорду да кум-таштарга толтурду.

Таласта болсо 28-июлдагы мөндүр аралаш жааган жаан талаадагы эгинге зыянын тийгизген. Мөндүрдөн төө буурчак, арпа, буудай, мөмө-жемиштер жана көп жылдык чөптөр жабыркаган. Талас районунда жалпысынан 1000 гектар айдоо аянты зыян тарткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү табигат кырсыгынын кесепеттери менен таанышып, аны жоюу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтен маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG