Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Турсунбеков: Атамбаев кийинки президенттик шайлоого барбайт


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки президенттик шайлоого барбайт, өкмөт башчы да болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн Чолпон-Атадагы Социал-демократтар партиясынын курултайынан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, Социал-демократтар партиясы президенттик шайлоого башка талапкер көрсөтөт. Чыныбай Турсунбеков коомчулукта Конституцияны өзгөртүүгө президенттин кызыкчылыгы бар деген сөздөр суу кечпесин белгилеп, Референдум күч структураларындагы жана башка бир катар тармактардагы реформаларды жүргүзүү үчүн зарыл болуп жатканын билдирди.

Мындан тышкары Чыныбай Турсунбеков парламент таркабасын кошумчалады.

Курултайдын күн тартибине өлкөдөгү коомдук-саясий абал, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, КСДПнын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана партиянын саясий кеңешин кароо сыяктуу маселелер киргизилген.

27-июлда парламенттеги төрт фракция Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп жатканы белгилүү болгон. Жарандык активисттер бул бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонууда. Алар социалдык тармактарда “Конституцияны өзгөртүүгө каршы” кол топтоо акциясын башташкан.(UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG