Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Курманалиевдин абалы жакшыра баштады


Кол салуу болгон жер
Кол салуу болгон жер

Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун жетекчинин орун басары Бакытбек Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, прокурор Эркин Курманалиев абалы мурдагыдан жакшы:

- Абалы кыйла жакшы. Бүгүн өзүнө келип, сүйлөп калды.

29-июль күнү Орто-Сай айылында автоунаадагы жарылуудан Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиевдин колу билегинен үзүлүп кеткен. Ошондой эле бир көзү катуу жабыркап, көзүнө жана колуна операция жасалган. Учурда ооруканада Курманалиевдин коопсуздугуна милиция көз салууда.

Жарылууга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Учурда жарылуунун себептери аныкталып жатат. Бул окуя боюнча кол салуу деген да версия каралууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG