Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Ереванда куралдуу топтун эки мүчөсү бийликке багынып берди


Куралдуу топтун колго түшкөн мүчөлөрү: Рубен Григорян жана Геворг Мелконян
Куралдуу топтун колго түшкөн мүчөлөрү: Рубен Григорян жана Геворг Мелконян

Ереванда "Сасна црердин" эки аскери бийликке багынып берди. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттигине армян полициясынан маалымдашкан. Куралдуу топтун Рубен Григорян жана Геворг Мелконян аттуу эки мүчөсү өз эрки менен колго түшүшкөн. Андан мурдараак куралдуу топтун дагы эки аскери жаракат алып, ооруканага жеткирилгени тууралуу айтылган.

Куралдуу топ барымтага алган медицина кызматкерлеринин экөө да бошогону маалымдалды. Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтуусунда, дарыгер Норайру Теванян менен медайым Малина Маркарян жарадарларды алып кетүү учурунда чыгып кетишкен.

"Интерфакс" куралдуу топ ээлеп турган имараттан ок атылганын жана жардыруунун үндөрү угулганын жазды.

XS
SM
MD
LG