Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Алеппонун камоодо калган районунан 169 киши коопсуз коридор аркылуу чыгып кетти


Сириянын Алеппо шаары, 28-июль, 2016-жыл
Сириянын Алеппо шаары, 28-июль, 2016-жыл

Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады. Маалыматка караганда, Алеппо шаарынын камаланган районундагы 250 миңдей адамдын ичинен 169 жаран коопсуз коридорду пайдаланып, шаардан чыгып кетти. Алардын көпчүлүгү улгайган аялдар. Сириянын жана Орусиянын коопсуздук күчтөрү Алеппонун чыгыш райондорунан коопсуз коридор аркылуу чыгууга 30-июлда жол берилгенин жарыялаган. Бирок оппозициялык күчтөр аны пропаганда катары баалашууда. Кээ бир маалыматтар боюнча, коопсуз коридорго төрт пункт аркылуу жол берилери айтылган, бирок анын үчөө жабык турат. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары оппозициянын кээ бир куралдуу жоочулары да коопсуз коридорду пайдаланып, өкмөттүк аскерлердин колуна түшүп бергенин маалымдады. Расмий Дамаск куралын тапшыргандарга мунапыс жарыялаган. Мамлекеттик маалыматтар видео материалдар менен коштолгон эмес. Ошондуктан ага ишенүү кыйын болууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG