Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Индия менен Непалда суу ташкындын курмандыктары 200гө жетти


Индиядагы суу ташкын.
Индиядагы суу ташкын.

Бул өлкөлөрдө cоңку күндөрдөгү нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам сел жана суу ташкындары пайда болду. Андан көбүнчө Индиянын Ассам, Мегалая жана Бихар аймактары зыян тартты. Ассам аймагында эле үч миллиондон ашык адамга суу ташкындын кесепети тийгенин расмий Дели билдирди.

Ишембиде Индиянын Орисса штатында чагылгандан 36 адам мерт кеткен. Мумбайда пайдубалын суу каптап кеткендиктен, көп кабаттуу имарат урап түшүп, кеминде 7 адам каза болду. Непалда да катаал аба ырайынан ондогон адамдар мерт кеткени, бир катар аймактарда таза суу тартыш болуп, жугуштуу ичеги-карын оорулары жайыла баштаганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG