Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Зумрад Жанабаеванын соту башталат


Зумрад Жанабаева.

Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын мурдагы жетекчиси Зумрад Жанабаеванын үстүнөн козголгон ишти бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту карайт. Бул тууралуу айыпталуучунун актоочулары билдиришти.

Зумрад Жанабаеваны Октябрь райондук прокуратурасы “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен быйыл 24-мартта кармаган. Ал кол астында иштеген кызматкердин айыбын жашырууга аракет жасаган деп күнөөлөнүүдө.

Октябрь райондук соту 28-мартта Жанабаеваны саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарган. Аны менен бирге айыпталган мекеменин кадр бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Түлееванын да баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн болчу. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG