Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы талкуу өтөт


Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциялардын бири.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциялардын бири.

«Конституция. Кайда баратабыз?» деген аталышта 2-августка белгиленген иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары, саясатчылар, эксперттер, коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер чакырылган.

Аны Сөз эркиндигин коргоо комитети, Res Publica гезити, «Элдик саясат» институту, "Улуттук кызыкчылык" тобу уюштурууда. Анда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнүн мыйзамдуулугу талкууланат.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун билдирүүсүндө, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча референдумду күзүндө өткөрүү мерчемделүүдө. 29-июлда аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду. Жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонуп жатышат. Алар социалдык тармактарда “Конституцияны өзгөртүүгө каршы” кол топтоодо. (NT)

XS
SM
MD
LG