Президент Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көлдө өтүп жаткан маалымат жыйынын Kloop.kg сайты аркылуу түз алып көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган сайттан кабарлашты. Маалыматка караганда, мамлекет башчынын басма сөз кызматынын өкүлдөрү түз алып көрсөтүүнү токтотууну суранган.
Kloop.kg сайты бүгүн Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулуп жаткан маалымат жыйыны сайтта түз видео аркылуу көрсөтүлөрүн кабарлаган эле.
Тыюу салуудан соң аталган сайт басма сөз жыйынын кыска тексттер менен чагылдыра баштады.