Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Атамбаев Бельяниновдун кызматтан кеткенине өкүнөрүн айтты


Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын экс-теңтөрагасы, Орусиянын Федералдык бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Андрей Бельянинов менен президент Алмазбек Атамбаев.
Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын экс-теңтөрагасы, Орусиянын Федералдык бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Андрей Бельянинов менен президент Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Андрей Бельяниновдун кызматтан кеткенине өкүнөрүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйынында айтты.

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Андрей Бельянинов чын жүрөгү менен Кыргызстанды колдоп келгенин белгилеген мамлекет башчы маанилүү маселелерди чечүүдө анын ролу чоң болгонун кошумчалады.

- Ал Кыргызстан үчүн жакшы жумуштарды жасоого аракет кылды. Мен анын кызматтан алынганына өкүнөм, - деди Атамбаев.

Орус президенти Владимир Путин Андрей Бельяниновду иштен алган. Ага чейин алкоголдук продукциянын аткезчилигине байланыштуу кылмыш иш боюнча анын үйүндө тинтүү жүргөндө 66 миллион рубль табылган.

Бельянинов кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы болчу. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG