Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Тойгонбек Калматовдун баш коргоо чарасы бүгүн каралат


Оппозициянын нааразылык жыйыны.
Оппозициянын нааразылык жыйыны.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” жана “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн” деп айып менен 30-июлда камакка алган "Элдик парламенттин" мүчөсү Тойгонбек Калматовдун баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Бул тууралуу анын уулу Нурбек Калматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Тойгонбек Калматов буга чейин тергөөдө көрсөтмө берип жаткан.

Ушул жылдын 12-май айында аталган уюмдун жетекчилери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев жана Марат Султанов камакка алынган жана аларга ушундай эле айып тагылып, кылмыш иш козголгон.

69 жаштагы Тойгонбек Калматов Жогорку Кеңештин мурунку депутаты. Курманбек Бакиев президент болуп турганда Дин иштери боюнча агенттикти жетектеген. (EBM)

XS
SM
MD
LG