Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Ош аэропортунда Сирияга кетип жаткан кыргыз жараны кармалды


Ош аэропорту.
Ош аэропорту.

Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү Сирияга жөнөп жаткан кыргызстандык жаранды кармашты. Аталган мекемеден кабарлашкандай, 31-июль күнү Ош эл аралык аэропортунда Ош-Санкт-Петербург багыты менен учууга камынган 20 жаштагы жигит шектүү катары колго түшкөн. Сурак учурунда ал Орусияга барып, андан ары Түркия аркылуу Сирияга кетүүнү план кылганын айткан. Маалыматка караганда, ал Баткендин Лейлек районунун тургуну.

Чек арачылар кармалган жаранды Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгына өткөрүп беришти. (SE)

XS
SM
MD
LG