Стамбулдун мэри Кадир Топбаштын буйругу менен иттердин мүрзөсүнүн жанына 15-июлда Түркиядагы төңкөрүш кылуу аракети учурунда каза тапкан аскерлердин сөөгү да коюлмакчы. Бул тууралуу Стамбул шаарынын мэриясы билдирди.
Стамбулдагы Баллыжа айылынын жанында үй-жайсыз калган ит мышыктарды багууга бөлүнгөн мэриянын атайын жери бар. Өлгөн иттердин сөөгү ошол эле жерге коюлат.
- Биз буларды жетимдердин мүрзөсүнө коёлу дедик. Мен андай болбойт дедим. Анткени жетим Кудайдын сүйгөн пендеси. Ал эми чыккынчыларга атайын көрүстөн жасайбыз. Элдин каргышына калган бул чыккынчылар көрдө да тынч жата алышпайт деп ишенем, - деди Стамбул шаарынын мэри Кадир Топбаш.
Түркия боюнча төңкөрүш кылуу аракети учурунда 161 аскер каза тапкан. (KR/ElB)