Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:29

Сирияда орусиялык тик учак атып түшүрүлдү


Орусиянын Ми-8 тик учагы.
Орусиянын Ми-8 тик учагы.

Сириянын Идлиб провинциясында орусиялык Ми-8 тик учагы атып түшүрүлдү. Ичиндеги экипаждын үч мүчөсүнүн жана эки офицердин тагдыры такталып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

- 1-августта Идлиб провинциясында Алеппо шаарына гуманитардык жардам жеткирип, Хмейим авиабазасына кайтып келе жаткан тик учак жерден атып түшүрүлдү,- деп маалымдады Орусиянын Коргоо министрлиги.

Мурдараак Рейтер агенттиги оппозициялык куралчан топтордун карамагындагы Идлиб провинциясында тик учак атып түшүрүлгөнүн, учкуч эвакуацияланганын жазган.

Ал эми Orient News телеканалы атып түшүрүлгөн тик учак Сирия коопсуздук күчтөрүнө тиешелүү экенин, ал эми учкуч барымтага алынганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG