Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Казакстан: Олимпиадада алтын уткандар 250 миң доллар менен сыйланат


Казакстандын спортчулар
Казакстандын спортчулар

Рио-де-Жанейродо өтчү Олимп оюндарында алтын медал уткан казакстандык атлетчилер 250 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болот. Андан тышкары чемпиондорго үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик 24.kz каналына берген маегинде Казакстан өкмөтүнө караштуу Спорт жана дене тарбия иштери боюнча комитеттин төрага орун басары Серик Жарасбаев билдирди. Экинчи орунга жеткендерге 150 миң доллар жана эки бөлмөлүү батир берилет. Ал эми коло медалга ээ болгондор 75 миң доллар жана бир бөлмөлүү батир менен сыйланарын Жарасбаев кошумчалады.

Жалпысынан Рио-де-Жанейрого Казакстандан 26 спорттун түрү боюнча 104 атлет катышат.

Кыргызстандын атынан быйылкы Олимп оюндарына 19 спортчу катышат. Буга чейин өкмөт 1-орун алган спортчуга 7 млн сом, 2-орунга 5 млн сом, коло медалга 3,5 млн сом деп бекиткен.

Бразилияда 5-21 августка чейин өтө турган Олимп оюндарында 28 спорттун түрү боюнча 306 комплект медал ойнотулат.

XS
SM
MD
LG