Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Kyrgyztimes сайтынын журналисти камакка алынды


Кенжебек Жумабаевдин тарапкерлери. 1-август, 2016-жыл.
Кенжебек Жумабаевдин тарапкерлери. 1-август, 2016-жыл.

Kyrgyztimes сайтынын кабарчысы Кенжебек Жумабаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Ал 2013-жылы Саруу окуясында ошол кездеги өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катышкан деп шектелүүдө. 30-июлда кармалган Жумабаевдин баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралат. Аны бошотуу талабы менен анын бир канча тарапкерлери бүгүн УКМКнын жанында пикет да өткөрүштү.

Атайын кызмат Жумабаев тийиштүү маалыматтардын негизинде кармалганын билдирүүдө. Ал 2013-жылы да күбө катары суракка чакырылган эле.

Коомчулукка анча белгилүү эмес kyrgyztimes.kg сайты негизинен жаңылыктарды жарыялайт.

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын бир канча тургуну 2013-жылы "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг өткөрүшкөн. Алардын айрымдары митингдер учурунда мыйзамсыз аракеттерге барган деп камалышкан. Ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев митингчилер менен жолугушууга келгенде аны акция катышуучулары барымтага алып, бир нече саат унаа ичинде кармап турушкан.

XS
SM
MD
LG