Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Ереванда 47 адам камалды


Ереванда 47 адам камакка алынды
Ереванда 47 адам камакка алынды

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы Еревандагы полиция бекетинин басып алынышы боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 47 адамды камакка алды. Алардын жыйырма төртүнө “адамдарды барымтага алуу”, “имаратты ар кандай коркутуулар менен басып алуу”, “куралды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү” беренелери боюнча айып тагылды.

17-июлда куралчан топ Еревандагы полиция бекетине чабуул коюп, басып алышкан. Атышууда бир полициячы набыт кетип, бир нечеси жарадар болгон. Кол салгандар имараттын ичиндеги беш адамды барымтага алышкан. Алар камактагы оппозициячыл активист Жирайр Сефиляндын бошотулушун жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Өткөн ишемби күнү куралчан топту колдоп нааразылык акциясына чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 30 адам жабыркаган. Ал эми 31-июлда бекетти басып алган 20 куралчан адам коопсуздук күчтөрүнүн колуна түшүп беришти. Эки аптага уланган кагылышууларда эки полициячы курман болуп, бир нечеси жарадар болду.

XS
SM
MD
LG